19-абакта өмүр бою соттолгондор ачкачылык жарыялады

12:41, 29 июня 2017, Бишкек - 24-kg.com

Сокулук районундагы 19-абакта өмүр бою соттолгон 13 киши эки күндөн бери ачкачылык жарыялап олтурат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы маалымдайт.

Маалыматка караганда, соттолгондор жаңы тартипке нараазы. Камерадан чыгып, ээн-эркин басып жүрүүнү каалашат.

Ачкачылык жарыялагандар түрмөнүн даарыгеринин көзөмөлүндө экендиги айтылат.