Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кетти

08:54, 30 июня 2017, Бишкек - 24-kg.com , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Жогорку Кеңеш адаттагыдай эле эки айга жайкы эс алууга кетти. Кечээ депутаттар акыркы отурумун өткөрүп, соңунда гимн менен жыйынтыкташты.

Эскерте кетсек, алтынчы чакырылыш 2015-жылы 4-октябрда шайланган. Парламентте алты фракция бар.

Учурда бир депутаты - «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев УКМКнын камагында. Дагы бир депутаты - Канат Исаевге каршы кылмыш иши козголгон.

Алдыдагы президенттик шайлоого парламенттин үч депутаты аттанары белгилүү. Алар - «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Өнүгүү -Прогресс» фракциясынан Бакыт Төрөбаев, «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов.