Темир Сариевдин шайлоо штабын Элмира Ибраимова жетектеди

09:22, 30 июня 2017, Бишкек - 24-kg.com

Темир Сариевдин шайлоо штабын Элмира Ибраимова жетектеди. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине «Ак-Шумкар» партиясынын билдиришти.

Партиядан Элмира Ибраимованын мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасына жана коомдо, саясый элитадагы аброюуна карай ишеним артышканын белгилешти.

Элмира Ибраимова мамлекеттик кызматтын ар кандай тепкичтерине эмгектенген. Элчи, Жогорку Кеңештин депутаты, вице-премьер-министр, эсептөө палатасынын төрайымы болгон.