Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Ош шаарындагы аба майданга насыя берет

16:12, 03 июля 2017, Бишкек - 24-kg.com , Татьяна КУДРЯВЦЕВА

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Ош шаарындагы аба майданга насыя берет. Бул тууралуу келишимге фонд менен «Манас» эл аралык аба майданы кол койду.

Насыяга жарыктандыруу жакшырат. Конуп-учуу чийиндери оңдолот. Өрт өчүрүүчү машина алынып, аэровокзалдын залы кеңейтилет.

Фонддун маалыматында, бүгүнкү күндө 234 миллион долларга 740 долбоор каржыланды.