Камила Дүйшөбаеванын өлүмүн иликтеген иш алдыга жылды

16:37, 03 июля 2017, Бишкек - 24-kg.com , Наргиз ТОКОЕВА

Студент кыз Камила Дүйшөбаеванын өлүмүн иликтеген иш алдыга жылды. Буга байланыштуу Калыбек Элтуйбасовго издөө жарыялангандыгын Ички иштер министрлиги кабарлайт.

Эскерте кетсек, Камила Дүйшөбаеванын өлүгү 2014-жылы табылган. Ошол кезде бул ишке байланыштуу ал мезгилдеги Башкы прокурор Аида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасовдун ысмы дагы аталган. Бирок иш андан ары жайынан жылбай турган.

ИИМдин маалыматында, 2014-жылдын март айында Калыбек Элтуйбасов жана саунанын А.Н. аттуу ээси 10-мартта чейинки видеожазууларды атайын өчүрүп салышкан. Бул кылмыш ишин иликтөөгө жолтоо болгон.

2017-жылдын 29-июнунда ИИМ Калыбек Элтуйбасовго каршы кылмыш ишин козгогон.