Кыргызстанда үй-бүлөлүк медиаторлор пайда болот

10:47, 04 июля 2017, Бишкек - 24-kg.com , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Кыргызстанда үй-бүлөлүк медиаторлор пайда болот. Бул тууралуу «Сезим» кризистик борбору маалымдайт.

Маалыматка караганда, үй-бүлөлүк медиаторлор ажырашуунун алдын алып, чатакташкан жубайларды жараштыруу аракетин көрүшөт.

Мындан ары, үй-бүлөдөгү түшүнбөстүктөрдү медиаторлордун жардамы менен чечүүгө болот.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш «Медиаторлор» жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган. Медиаторлор Кыргызстанда буга чейин этникалык кагылыш жана башка оор конфликттерде иш алып барган.