Апта аягында 42 градуска чейин ысык болот

12:17, 04 июля 2017, Бишкек - 24-kg.com , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Апта аягында Бишкекте 42 градуска чейин ысык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.

Түнү эле 25 градуска жетиши күтүлөт.

Нарын облусунуда +37 градус, Ысык-Көлдө +35 градуска чейин ысыйт.

Мындай аба-ырайы 10-июлга чейин сакталат. 11-12-июлда жамгыр күтүлөт.

Кыргызгидрометтин маалыматында, буга чейин 1983-жылы Бишкекте аба 42 градуска чейин ысыган.