Бишкекте күн 42 градуска чейин ысыса дагы жумушчу күнү кыскарбайт

14:56, 06 июля 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анастасия БЕНГАРД

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги күндүн ысыгына карабай эртеңки жумушчу күнүн кыскартпайт. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине мекемеден билдиришти.

Эскерте кетсек, эки жыл мурда күн катуу ысыгында жумушчу күнү эки саатка кыскарган.

Кыргызгидрометтин маалыматында, 7—9 июлда өлкө боюнча аномалдуу ысык күтүлөт.