Ысык-Көл облусунда Белорус жараны жасалма евро менен кармалды

11:27, 10 июля 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анара МАМЫТОВА

Ысык-Көл облусунда жасалма акчаны алмаштырууга аракеттен Белорус жараны кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү Ички иштер башкармалыгы кабарлайт.

Маалыматта 50-55-жаштагы жаран акча алмаштыруучу жайга 500 евродон төртөөнү алып келген. Милиция аны Бостери айылында кармашкан.

Иш Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.