Бишкектин айрым райондорунда үч күн газ болбойт

17:31, 10 июля 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анна ТИМОФЕЕНКО

Бишкектин айрым райондорунда үч күн газ болбойт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» кабарлайт.

Оңдоо иштерине байланыштуу көгүлтүр от өчүрүлөт.

11—12-июль күндөрү Ахунбаев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде, 11—13-июль күнү «Төкөлдөш» кичирайонунда газ болбойт.

Андан сырткары, Талас облусунун Аманбаев айылында дагы 11-июлда көгүлтүр от берилбейт.