Кыргызстанда алты ай ичинде 284 өзгөчө кырдаалда 106 киши мерт болду

12:27, 11 июля 2017, Бишкек - 24-kg.com , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Кыргызстанда алты ай ичинде 284 өзгөчө кырдаалда 106 киши мерт болду. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.

Алардын маалыматында, кар көчкүдөн - 11, ири өрттөн -5, жер көчкүдөн - 34, авиакырсыктан -39, жол кырсыгынан - 16 киши набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдын жалпы чыгымы 663 миллион 869 миң сомду түздү.