Улутчулдукка айыпталып жаткан Мирлан Ирсалиев кечирим сурады

16:54, 14 июля 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анара МАМЫТОВА

Улутчулдукка айыпталып жаткан Мирлан Ирсалиев жабырлануучу даарыгер Егор Борисовдон кечирим сурады. Бул тууралуу даарыгер «24-kg.com» агентигине билдирди.

Анын айтымында, ага кечээ Мирлан Ирсалиев өзү телефон чалып, кечирим сурап, айыбын кантип жууба аларын сураган.

«Менде үй-бүлөсү, балдары бар адамды түрмөгө олтургузайын деген оюм жок. Болгону башкаларга сабак болсун дегенмин. Андыктан Мирланга шаардагы балдар оорууканасына жардам берүүнү сурандым» — деди ал.

Бүгүн алар чогуу барып, № 3 балдар оорууканасына электрокардиограф тартуулашты.

Эскерте кетсек, Мирлан Ирсалиевдин сот жүрүп жатат. Ага улутчулдук айыбы тагылууда. Кылмыш кодекси боюнча 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Фото

Мирлан Ирсалиевге каршы Бишкек шаарынын тез жардам кызматынын даарыгери Егорь Борисов арыз жазган. Даарыгердин айтымында, жол кырсыгында Мирлан Ирсалиев аны улутуна карай кемсинтип, сабаган.