Санкт-Петербургда кыргыз жараны сууга чөгүп кетти

10:36, 17 июля 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анара МАМЫТОВА

Россиянын Санкт-Петербург шаарында кыргыз жараны сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт.

Маалыматка караганда, күбөлөр анын мас абалында сууга түшкөнүн айтышкан. Суудан кайра чыкпагандан кийин куткаруучуларды чакырышкан. 1 жарым сааттан кийин кыргыз жаранынын денесин алып чыгышкан.

Жээкте калган кийиминин чөнтөгүнөн паспорту табылган.