Бишкекте курулушта каза болгон жумушчунун өздүгү аныкталды

16:45, 19 июля 2017, Бишкек - 24-kg.com , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Бишкекте курулушта каза болгон жумушчунун өздүгү аныкталды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдайт.

Ал 1983-жылы туулган А.Н. аттуу жаран. ИИБнын билдирүүсүндө, туугандары табылды.

Ал эми экинчи курулушчу 1992-жылы туулган А.К. Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия борборунун реанимация бөлүмүндө оор абалда жатат.