Компания набыт болгон жумушчунун бүлөсүнө 20 жылдык акысын төлөп бериши керек

17:50, 19 июля 2017, Бишкек - 24-kg.com , Жазгуль МАСАЛИЕВА

Компания набыт болгон жумушчунун бүлөсүнө 20 жылдык маянасын төлөп бериши керек. Бул тууралуу «24-kg.com» маалымат агентигине Курулушчулардын кесиптик бирикмесинин төрагасы Токтогул Солтокеев билдирди.

Анын айтымында, курулуш компаниясы жумушчунун коопсуздугун камсыз кыла албагандыктан үй-бүлөсүнө акча төлөп берет.

«Эгер эмгек келишими түзүлгөн болсо жакшы. Болбосо сот аркылуу төлөтүп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, былтыры «Бишкек курулуш» ишканасы бир жумушчунун үй-бүлөсүнө компенсациянын негизги бөлүгүн төлөп берди. Калганын ай сайын ата-энесине берип турат. Негизинен биздин уюмга кирген ишканалар дароо эле төлөп, милдеттерин аткарышат» - деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн Тыналиев -20 дарегиндеги (Түштүк магистрал менен кесилишинде-ред.) көп кабаттуу үйдүн тогузунчу кабатынан эки курулушчу кулап кеткен. Бирөө ордунда каза тапты. Экинчиси Бишкек шаарындыгы травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилди. Даарыгерлердин айтымында абалы оор.