Президент журналисттерден «катуу айткан сөзүнө таарынбоону» суранды

16:25, 24 июля 2017, Бишкек - 24-kg.com

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 3,5 саат журналисттер менен баарлашты. Маалымат жыйын Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда өттү.

Жыйын соңунда мамлекет башчысы кээде эмоциалдуу сүйлөп, кийин ага өкүнүп каларын айтты.

«Катуу айтсам таарынбагыла» - деди ал.

Маалымат жыйынга 70тен ашык журналисттер катышты.