17:37, 31 июля 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анастасия БЕНГАРД
Июль айында бензиндин баасы 0,5–1 сомго арзандады. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.
Алардын айтымында, күйүүчү майдын наркына Россияда баанын арзандашы түрткү болду.
«Заводдор күйүүчү майды ашыгы менен чыгарып жатышат. Баанын мындар ары түшөрү белгисиз», — дейт ассоциация.
Аи-92 түндүк облустарында -37,8 сомго, түштүк облустарында- 39,7, Аи-95 — 40,5 жана 42,5 сомдон сатылууда.