Москвада курулушта иштеген мигранттар мушташты

11:04, 03 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анара МАМЫТОВА

Москвада Коммунарка айылындагы курулушта иштеген мигранттар мушташты. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт.

Курулушчулар темир, күрөк жана башка шаймандар менен бири-бирин сабашкан. Милициянын маалыматында, курулушчулардын эки бригадасы чатакташа кеткен.

«Өйдөнкү кабатта иштеген курулушчулардын бири таштандыны төмөндө иштегендерге ыргыта баштаган. Жыйынтыгында алты жумушчу ар кандай жаракат менен оорууканага жеткирилди», — деп жазылат.

Кылмыш иши козголду.