Журналист кызды сабагандар кармалды

11:18, 03 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анара МАМЫТОВА

Журналист Карачач Шакирова жана жол кайгуул кызматынын өкүлүн сабагандар кармалды. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Журналист Карачач Шакирова жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү чакыруу болгон жерге барган. Коңшулар түнү бою ызы-чуу болгон батирге даттанып телефон чалышкан.

Документтерин текшерүү кезинде жарандар милицияга жана журналистке кол салышкан. Алты киши кармалып, абакка киргизилди.