Кримтөбөл «Женго» үй камагына чыгат

09:09, 04 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

«Женго» каймана аттуу кримтөбөл Кадырбек Досонов үй камагына чыгат. Бул тууралуу Жаза өтөө мамлекеттик кызматы маалымдайт.

№5 абактан чыккан Кадырбек Досонов үй камагында болот. Анткени Ош шаардык сотунун кароосуна жөнөтүлгөн башка бир кылмыш иши боюнча дагы айыпталууда.

Эскерте кетсек, кечээ Ош облустук соту Кара-Суу шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Кара-Суу соту Кадырбек Досоновду полковник Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө тиешеси жок деп бүтүм чыгарган.