Тарых музейинин качан ачылышы белгисиз

11:27, 04 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анастасия МОКРЕНКО

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Тарых музейинин качан оңдолуп бүтөрүн билбейт. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине мекемеден билдиришти.

Министрликтин айтымында, музейдин ичин оңдоо иштери али баштала элек.

«Имараттын сырты оңдолуп жатат. Ичин оңдоого каражат издеп жатабыз. Ага республикалык бюджеттен акча бөлүнүшү керек» — дейт маданият министрлиги.

Түркия менен түзүлгөн келишимге ылайык оңдоо иштери 31-августта аякташы керек болчу. Бирок, кийин аны ноябрга жылдыруу сунушталган.