Ысык-Көлдө жол кырсыгынан дагы бир киши мерт кетти

09:30, 07 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com , Суйунбек ШАМШИЕВ

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан дагы бир киши мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Каракол-Совхоз айылында «Митсубиси Галант» жолдун четинен чыгып кетип, айдоочу жеринде көз жумуп, эки жүргүнчүсү оорууканага түшкөн.

Белгилей кетсек, облустук ИИБ маалыматында, эки айда 22 киши жол кырсыгынан набыт болду.