Максат Кунакуновду он жылга эркинен ажыраткан соттун чечими күчүндө калды

17:44, 08 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Максат Кунакуновду он жылга кескен Биринчи май райондук сотунун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Азаттык» билдирет.

Маалыматка караганда, чечим 4-август күнү чыккан.

Эскерте кетсек, Максат Кунакунов 2015-жылы террорчулар менен байланыштыгы бар деген шек менен кармалып, камалган. Райондук сот он жылга кескен.

Мурдакы депутат жана аны менен бул иш боюнча чогуу айыпталгандар коюлган күнөөнү мойнуна албай келет.