Боршайком Бабанов арыздангандан кийин «Чагылган» басылмасын шайлоодон четтетти

11:01, 10 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com , Суйунбек ШАМШИЕВ

Борбордук шайлоо комиссиясы «Чагылган» басылмасын каттоодон чыгарды. Бул тууралуу чечим БШКнын бүгүнкү отурумунда кабыл алынды.

«Бабанов жөнүндө ушак жазгандыгы үчүн каттоодон алынды», - деп билдирди БШКнын төрайымынын жардамчысы Гуля Алмамбетова.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабановдун штабы жалпысынан төрт медианы шайлоодон четтетүүнү талап кылууда.