Боршайкомдун мүчөсү бир жылда 271 миң сом сыйлык алган

17:17, 11 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов 2016-жылы 297,3 миң сом тапкан. Бул тууралуу анын декларациясында маалымдалат.

Абдыжапар Бекматов айлыктан сырткары, сыйлык катары 271 миң сом алган. Анын, 0,05 гектар жердеги курулуп бүтө элек үйү, жана 0, 16 гектар жерде үйү бар.

Жакын туугандарынын кирешеси көрсөтүлгөн эмес.