30-сентябрга чейин биометриялык маалыматтарды тапшырууга болот

13:31, 14 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анастасия БЕНГАРД

30-сентябрга чейин биометриялык маалыматтарды тапшырууга болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, биометриялык маалыматтары жок жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилген эмес. 30-сентябрга чейин тапшыргандар, заматта тизмеге түшөт.

Шайлоо 15-октябрда өтөт.