12:25
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкекте тепловоз жаш жигитти сүзүп кетти

Бишкекте тепловоз жаш жигитти сүзүп кетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.

Окуя кечээ «Бишкек-1» жана «Бишкек-2» станцияларынын ортосунда болгон. 26 жаштагы «Ак-Бата» жаңы конушунун тургуну тепловозго жакын болгондуктан, токтотууга мүмкүн болгон эмес.

Тез жардам кызматы жабыркаган жаранга биринчи жардам көрсөтүп, Бишкек шаарындагы ортопеди жана травматология борборуна жеткирген. Алдын-ала маалыматтарбоюнча ал мас болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар