Алмазбек Атамбаев өкмөттү отставкага кетирди

10:41, 22 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com

Алмазбек Атамбаев өкмөттү отставкага жөнөттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлайт.

Буйрукта премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун отставкасы кабыл алынып, өкмөттүн калган мүчөлөрү жаңы курам бекилгенче милдетин аткарып кала берери айтылат.