Кыргызстандан Россияга барган азык-түлүк товарлары кайра артка жөнөтүлдү

10:43, 22 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com

Россияда Кыргызстандан барган азык-түлүк товарлары кайра артка жөнөтүлдү. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт.

Саратов облусуна Кыргызстандан өрүк как, төө буурчак, гүрүч, сарымсак жана кургак мөмө-жемиш болуп 21 тонна азык-түлүк барган. Аларды текшерүү учурунда фитосанитардык күбөлүгү жоктугу жана кимге келгендиги жазылган эмес.

Маалыматта азык-түлүктөр карантинге алынган продукцияларга кирери айтылат.

Жүк ээлерине айып пул салынып, товар артка жөнөтүлдү.