Кыргызстан менен Өзбекстан экспорт жана импорттун көлөмүн көбөйтөт

12:26, 22 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com , Юлия КОСТЕНКО

Кыргызстан менен Өзбекстан экспорт жана импорттун көлөмүн көбөйтөт. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Өзбекстандын кыргызстандагы Толук ыйгарымдуу элчиси Комил Рашидов билдирди.

«Биринчи жолу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык кенешмеси премьер-министрлердин денгээлинде өттү. Буга чейин жыйынды вице-премьер-министрлер гана жетектечү», — деди Комил Рашидов.

Анын айтымында, эки тарап соода алаканы жакшыртып, товарлардын көлөмүн көбөйтүүгө макулдашты.