Кыргызстандын Индиядагы элчилиги Делиде кармалган аялга жардам берүү аракетинде

09:02, 23 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандын Индиядагы элчилиги Делиде кармалган аялга укуктук жактан жардам берүүгө аракеттенип жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, 21-августта Дели шаарынын абамайданында Зухра Б аттуу Кыргызстандын жараны кармалган. Бажы көзөмөлүнөн өтүп жатка кезде андан 140 миң АКШ доллары алынган.