12:21, 24 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com
Сүлүктү шаарындагы шахтыда 11 жашар бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
Кечээ «Сүлүктү көмүр» ишканасын суу каптаган. Ал жерде жүргөн 11 жашар бала чөгүп кеткен. Куткаруучулар анын денесин таап чыгышты.