Кара-Балта дарыясына «Жунда» мунайзат ишканасынын 2 тонна мазуту төгүлдү

12:26, 24 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com

Кара-Балта дарыясына «Жунда» мунайзат ишканасынын 2 тонна мазуту төгүлгөндүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Бишкек-Ош жолунун 82-чакырымында мунайзат ишканасына тиешелүү бензовоз менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп кеткен. Бензовоздогу мазут сууга төгүлгөн.

Кырсык болгон жерде ӨКМдин куткаруучулары иш алып барууда.