13:27, 24 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com
УКМКнын мурдакы төрагасы Марат Иманкулов жана КСДПнын мурдакы мүчөсү Сагынбек Абдырахманов президенттик орун үчүн күрөштөн баш тартышты. Бул тууралуу алар «24-kg.com» агентигиндеги маалымат жыйында билдиришти.
Марат Иманкуловдун айтымында, шайлоо таза өтпөйт. Андыктан ал топтолуп, татыктуу талапкерди колдоп чыгууну сунуштайт. Ал Темир Сариевди колдоого даяр.