3 миллион жаран биометриялык маалыматтарын тапшырды

13:55, 24 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматында 3 миллион жаран биометриялык маалыматтарын тапшырды.

Анын ичинен 70,1 миңи 2017-жылдын май айынан баштап, биометриялык паспорт алуу менен бирге тапшыргандар.

Мекеменин билдирүүсүндө, шайлоо алдында биометриялык маалыматтарын тапшырууну каалагандардын саны көбөйдү.

Эскерте кетсек, 15-октябрдагы шайлоого биометриялык маалыматтар менен гана добуш берүүгө болот.