09:39, 25 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com
Фергана облусунун Багдад районунун 51 жаштагы жашоочусу 27 жаштагы уулуна бензин чачып өрт койгон. Башында атасы кылмыш болгон жерден качып кетип, кийинчерээк укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Ууулунун денесинин 70% күйүп калган. Бул боюнча centralasian.org маалымат булагы билдирет.
Маалыматка караганда, ата-баланын ортосундагы жаңжал автоунаадан улам келип чыккан. УУлу атасына машинаны берген эмес. Ага кыжырланган ата бензин чачып, өрттөп жиберген.
Кылмыш иши козголду.
Былтыр февралда Бухара шаарында 47 жаштагы жаран үй-бүлөлүк жаңжалдан кийин ата-энесине бензин чачып өрттөгөн окуя катталган.