Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 30 пайызы эрип кетти

17:56, 25 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 30 пайызы эрип кетсе, 70 пайызы XXI кылымдын аягына чейин жоголот. Бул тууралуу Ак илбристи сактоо эл аралык форумунда экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев айтты.

Анын айтымында, мөңгүлөрдүн азайышы Борбордук Азия гана эмес, бүтүндөй дүйнө таза суунун жетишсиздигине алып келет.

Эскерте кетсек, Бишкекте Ак илбирстин тукумун сактоо боюнча эл аралык форум өтүп жатат. Ага 17 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.