«Сентярь» телеканалы атын «Жалбырак ТВга» өзгөрттү

09:32, 28 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com

«Сентябрь» телеканалы атын «Жалбырак ТВга» өзгөрттү. Телеканал интернет аркылуу ишмердигин уланта бермекчи.

Башкы прокуратура мурда Жалал-Абад шаарында чыгып турган оппозициялык маанайдагы ​"Сентябрь" каналында КСДПнын өкүлү, буга чейинки өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген маалымат жарыяланган деген негизде аталган каналды жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Көзөмөл органынын даттануу арызында 2016-жылдын 29-сентябрында телеканалдын түз эфиринде сүйлөгөн Абдылда Капаровдун сөзү экстремисттик маанайда экени жүйө келтирилген. ​

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-августта мунун негизинде "Сентябрь" телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Судья Жылдыз Жумабаева чечим дароо күчүнө кирерин билдирген.