Ош шаарында башы кесилген аялдын денеси табылды

10:26, 28 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com

Ош шаарында башы кесилген аялдын денеси табылды. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине шаардык ИИБсынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аялдын денесин «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери таштанды челектен табышкан.

Аял 40-50 куракта, кылмышкерлер башынан сырткары, бутун дагы кесүүгө аракеттенишкен.