Боршайкомго 23 талапкер кол топтоп тапшырды

15:15, 28 августа 2017, Бишкек - 24-kg.com

Президентикке ат салышкандардын 23ү кол топтоп тапшырды. Бул тууралуу БШК маалымдайт.

Алардын төртөө- Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков жана Бакыт Төрөбаевдики текшерилип, алар расмий катталышкан. Калгандарыныкы текшерилүүдө.

БШК 25-августта топтолгон колдорду кабыл алууну токтотту. Алгач 59 жаран талапкер болуп катталуу үчүн арыз жолдогон.

Шайлоо 15-октябрда өтөт. Расмий үгүт иштери 10-сентябрда башталат.