Исхак Масалиев шайлоодо ат салыша албайт

16:41, 05 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com , Юлия КОСТЕНКО

Жогорку Кенештин депутаты Исхак Масалиев шайлоодо ат салыша албайт. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине Боршайкомдон билдиришти.

Алардын айтымында, парламентарий топтогон 36 миң 673 колдун 30 миң 470и жараксыз деп табылган.

Талапкер болуп катталуу үчүн 30 миңден кем эмес кол тапшыруу керек.