10:47, 08 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com
Мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акун Борбордук шайлоо комиссия менен соттошот. Бүгүн Бишкек райондор аралык соту анын арызын карайт. Бул тууралуу ал «24-kg.com» маалымат агентигине билдирди.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы укук коргоочуну президенттикке талапкер катары каттаган эмес. Ага Акундун топтоп тапшырган колдорунун көпчүлүгү жараксыз деп табылгандыгы себеп болду.
Шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага азыр 13 талапкер катталды.