Милиция теңтуштарын сабаган мектеп окуучулары тактап жатат

11:54, 11 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анастасия БЕНГАРД

Социалдык тармакта мектеп окуучулары теңтуштарын сабап жаткандыгы тууралуу видео пайда болду.

«Карасаңар бул эмне деген айбанчылык? Башы-көзүнө койгулап жатышат? Бала майып болуп калса эмне болот?» — деп жазат Facebook колдонуучусу Айжаркын Муканова.

Бишкек ИИБсынын билдирүүсүндө, видео кайсы мектепте тартылгандыгы такталып жатат.