Ошто «Түштүк Экспо 2017» көргөзмөсү ачылды

14:27, 12 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Ошто «Түштүк Экспо 2017» көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу кааланын мэриясы билдирет.

Көргөзмөгө Кыргызстандын, Кытайдын, Түркменстандын, Тажикстандын, Ирандын жана Пакистандын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышууда.

Анда азык-түлүк, техника, кийим-кечек, идиш-аяк жана башка товарлар коюлган.