Журналист Зулпукар Сапанов 4 жылга эркинен ажыратылды

17:54, 12 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Биринчи май райондук сотунда бүгүн журналист Зулпукар Сапановго каршы сот өкүмү чыкты. Ал 4 жылга эркинен ажыратылды. Аны сот залында кармашты.

Журналист Кылмыш кодексинин 299 беренеси менен (диний кастыкты күчөтүү) соттолду. Анын «Кыргыз Санжырасы» китебине нараазычылыктан кийин, башкы прокуратура иш козгогон.