Алмазбек Атамбаев эмки айда Ташкентке барат

10:57, 13 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Президент Алмазбек Атамбаев октябрдын башында Ташкентке барат. Бул тууралуу маалыматты «24-kg.com» агентигине өлкө башчысынын аппаратынан ырасташты.

Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга сапары учурунда Алмазбек Атамбаевди Өзбекстанга чакырган.

Президенттин аппаратынын маалыматында, Атамбаевдин сапары учурунда Ташкентте бизнес-форум жана көргөзмө өтөт.