Кыргызстанда 185 киши террорчулук жана экстремизм үчүн соттолгон

10:51, 14 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандын жаза өтөө жайларында жалпысынан 16 миң киши кармалууда. Бул тууралуу түрмөлөрдө диний экстремизмди таркатууга каршы чаралар боюнча конференцияда Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, түрмөлөрдө олтурган 185 киши терроризм жана экстремизм беренелери менен соттолгон.