Жалал-Абадда жол кырсыгынан алты киши мерт кетти

10:01, 15 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com

Жалал-Абадда жол кырсыгынан алты киши мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Маалыматка караганда, Бишкек-Ош жолунунун 480-чакырымында «Ауди-100 С4», «Ауди-100» жана«Хундай Портер» сүзүшүп кеткен.

«Ауди-100» унаасында олтурган беш киши жайында, дагы бирөө ооруканада набыт болду.