23:49
USD 87.45
EUR 100.69
RUB 1.08

Голливуд жылдызы Стивен Сигал Кыргызстанга келди

Голливуд актеру Стивен Сигал Кыргызстанга келди. Бул тууралуу маалыматты «24-kg.com» агентигине өкмөттүн маалымат кызматы ырастады.

Алардын айтымында, актер өз калоосу менен Бишкекке келген. Кечинде премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушат.

«Стивен Сигал — Көчмөндөр оюнунун элчиси. Эмки жылы үчүнчү оюн өтөт. Ал өз баамдоолорун өкмөт башчысы менен талкууламакчы», — деди өкмөт маалымат кызматынын жетекчиси Гүлнара Төрөлиева.

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн Сапар Исаков демөөрчүлөрдү табууну сунуштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар