Таштандынан табылган наристенин энеси изделүүдө

12:27, 15 сентября 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анастасия БЕНГАРД

Таштандынан табылган наристенин энеси изделүүдө. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, наристе 14-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында табылган.

Эскерте кетсек, 31-июлда «Арча-Бешик» жаңы конушунда дааратканадан нариста табылган. Анын апасын бир айдан бери издешүүдө.

Ата-энеси табылбаган наристерлер балдар үйүнө өткөрүлүп берилет.